Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 29.11.2016 14:36

Айыл турмушу: Майлуу-Сууда тубаса майыптыктан 40тай операция жасалган 4 бир туугандын бири турмушка чыкты (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарындагы Масировдордун үй-бүлөсү оор тагдырды баштан кечирип келишет. Жакыпбек Масиров менен жубайы Орозбү Масирова турмуш курганына быйыл 33 жыл болду. Бул жубайлар 6 балалуу болушса, анын ичинен төрт баласы тубаса майып болуп төрөлгөн.

Бир туугандардан 1988-жылы туулган Таланттын, 1989-жылы туулган карындашы Дамиранын, 1992-жылы төрөлгөн Динаранын, 1997-жылы жарык дүйнөгө келген Венеранын буттары кыйшайып буралып, өспөй калган. Бир туугандардын эң улуусу менен кичүүсүнүн гана дени сак болуп төрөлүшкөн.

2012-жылы тубаса майып бир туугандарга Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Т.Мамытов жардамга келип, өз каражаты менен ортопед, академик Сабырбек Жумабековго көрсөткөн. 2012-жылдын май айынан тартып төрт бир тууганга тең операция жасоо кадамы башталган.

Атасы Ж.Масировдун айтымында, бир учурда төрт баласына тең операция жасалгандыктан, аларды ооруканада кароо өзгөчө убай жараткан. Бирок, балдарынын басып кетерине үмүт арткандыктан кыйынчылыкка моюн сунушкан эмес.

Операция ийгиликтүү аяктап, бир туугандардын буттары түздөлгөн. Учурда Дамира менен Динара таяктарын таштап, өз алдынча басып жүрүшөт. Бир учурда майыптыгынан баса албай, балдак таянган күндү башынан кечирген Дамира быйыл турмуш жолуна аттанды. Ал Ноокен районуна караштуу Ак-Бата айылына келин болуп барды.

«Кудайга шүгүр кызым алты саны аман адамдардай эле болуп калды. 2012-жылы башталган операция дале толук бүтө элек. Алдыда Талантка жана Венерага дагы операция жасалат. Негизи ушул күздө барышыбыз керек эле, С.Жумабековго түшүндүрүп айтсак жазда келгиле деди. Бул балдарым да өз алдынча басып кетишет деп үмүт кылам. Биздин үй-бүлөбүздөгү түйшүктү жеңилдеткен С.Жумабековго рахмат. Балдарыма, бизге жашоого үмүт берди. Өзүнүн эсебинен да темирлерди коюп, көңүл бөлүп, операция жасап жатат. Кабар да алып кетти», - деди Ж.Масиров.

Ошондой эле ал, балдарынын акыркы операциясы үчүн 30-40 миң сом керектелерин, бул каражатты табуу кыйын болуп жатканын белгиледи.

«Күздө жасата турган операцияны жазга калтырдык. Биздин үй-бүлөнү буга чейин эл өкүлү Т.Мамытов колдоп, каржылап келди. Ал кишиге деле жүк арта берген болбойт. Боорукер адамдар жардамдашып калаар деп үмүт кылабыз. Жардам болсо жакшы болоор эле», - деп кошумчалады бир туугандардын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×