Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Ош—Бишкек жолунда жүк ташуучу унаа «Субару Легаси» менен сүзүшүп, 6 адам ооруканага түштү, арасында 6 жашар бала бар

Turmush -  Кечээ, 28-ноябрда Ош—Бишкек унаа жолунун 336-500-чакырымында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 6 адам жабыркады.

Жалал-Абад ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнөн маалымдалгандай, Майлуу-Суу шаарынын 24 жаштагы Т.К. аттуу тургуну өзүнүн МАН-12272 жүк ташуучу автоунаасы менен Бишкекке карай бара жаткан. Ал Токтогул районунун Кетмен-Төбө тилкесинен унаасын башкара албай калып, каршы тилкеде Ошту көздөй келе жаткан «Субару-Легаси» автоунаасы менен кагышкан.

Анын кесепетинен Кара-Көл шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө 2 адам, жеңил унаанын артындагы 4 жүргүнчү жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Алардын арасында 6 жаштагы бала бар. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2369
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×