Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Майлуу-Сууда 1 айдан бери изделип жаткан 69 жаштагы аялдын денеси таанышынын короосунда жашыруун көмүлгөн жерден табылды (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарынын 1948-жылы туулган тургуну Тамара Гузованын бир айдан бери жер алдында жашырылган жансыз денеси кечээ, 17-январь күнү аталган шаардын Түлөбердиев көчөсүндө Ю.К. жашаган үйдүн артынан, айнек бөтөлкөлөр үйүлүп турган жерден табылды. Бул тууралуу окуяга күбө болгон Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдады.

Жашы 70ти таяп калган маркумдун сөөгү шаар прокурору Мамажакып уулу Алмазбек, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Рустамбек Жумабаев жана тийиштүү милиция кызматкерлеринин, соттук-медициналык экспертизанын өкүлдөрүнүн катышуусунда казылды.

Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Тамара Гузова Ленин көчөсүндөгү үйдө жалгыз жашачу. Жалгыз кызы бар, бирок ал Россия Федерациясында жашайт.

Шектүү

155

Былтыркы жылдын декабрь айынан тарта маркум үйүндө көрүнбөй, дайынсыз болуп калган. Мындан улам анын кошуналары тынчсызданып, бири-биринен сурап, конокко кетүүсү мүмкүн деп да болжолдошкон. Ошентип кабары жок болуп кеткен айылдашынан тынчызданышкан шаар тургундары милицияга кабарлашкан. Быйылкы жылдын 5-январында шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш каттоо китепчесине анын дайынсыз жоголгону туурасында маалымат катталып, тартип сакчылары издей башташкан.

«Бизге катталгандан кийин маркумду издөө иши жанданып, оперативдик маалыматтар келип түштү. Маалыматтын негизинде кылмышка шектүүнүн үйүнүн аркасындагы бөтөлкөлөрдөн күмөн болгон. Анткени ажаткана тараптагы бөтөлкөлөр үйдүн артына ташылып калган. Үйүлгөн бөтөлкөлөрдү алган учурда жердин казылганы байкалды. Аялдын сөөгү болжолдуу түрдө 70 сантиметр тереңдикте казылып көмүлүп, кылмыштын бетин жабуу үчүн бөтөлкөлөр жабылган. Аялдын сөөгү бир айдай жатып калган. Үй ээси өлүктү тапкандан кийин гана Тамара менен тааныштык жагдайы бар экенин, сөз талашуудан улам чыр чыкканын айтып берди. Маркумду тапканга чейин үй ээси анын дайынсыз жоголгонуна тиешеси жок экенин билдирип жаткан», - деди Р.Жумабаев.

Маалым болгондой, кылмышка шектүү менен каза болгон аял эски тааныштардан экени айтылууда. Адам өлтүрүү фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмышка шектүүгө КРнын Кылмыш жаза-кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттук-медициниалык экспертиза да киши колдуу болгонун тастыктаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3087
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:12,   22.04.2018   ( 3 адам окуп жатат)
×