Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 24.02.2017 10:53

Майлуу-Сууга түшкөн кар көчкү тазаланды

Turmush -  Майлуу-Суу шаарындагы Сары-Бээ айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач тилкесиндеги ички чарбалык жолго кечээ, 23-февралда саат 08:30 чамасында көлөмү болжол менен 10 миң метр куб кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Саат 14:30да унаа жол толук тазаланып ачылган.

Ошондой эле, 21-февралда саат 19:30 чамасында Токтогул районунун Торкент айыл аймагындагы Тоолук—Торкен—Сары-Камыш унаа жолунун 23-24-чакырымдарында көлөмү 7 миң 600 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол тосулуп калган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Карды тазалоого райондук №23 жол тейлөө ишканасынан керектүү техникалар берилип, кечээ, 23-февралда саат 07:00дө унаа жол толук тазаланып ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×