Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Бишкек—Ош жолунда «Мерседес-Бенц» унаасын айдап качууга шектелген 23 жаштагы жигит кармалды

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунда унаа айдап качууга шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Майлуу-Суу ШИИБдин Патрулдук милициясынын кызматкерлери тарабынан 46 жаштагы Н.З. аттуу жаранга тийиштүү «Мерседес-Бенц» унаасын айдап качууга шектелген 23 жаштагы Т.Э. аттуу жигит кармалды. Ал кармалгандан кийин унаа өз ээсине кайтарылган.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 705
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×