Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Фото - Майлуу-Сууда жер көчкү жылып, турак үйлөргө кооптуу абал жаралды

Turmush -  Кечээ, 15-мартта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Сары-Бээ аймактык башкармалыгында жер көчкү жылып, турак үйлөргө кооптуу абал жаралды.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, кечээ саат 08:00 чамасында Чыгыш көчөсүндөгү колоттун баш жагынан 700-800 миң метр куб жер көчкү жылып, 6 турак жайга 1-2 метр аралык калган. 10-20 см жер ажырап, 2 үй-бүлөнүн короо-сарайларына кооптуу абал жаралды.

Ошондой эле, Көпүрө башы тилкесинин Горький көчөсүндөгү №40 турак жайдын арт жагынан көлөмү 300-400 миң метр куб жер көчкү жылып, кооптуулук жараткан. Горький көчөсүндөгү №45 турак жайдан 20 метр ылдый жагынан булактын суусу чыгып, 1-1,5 метр тереңдикке жер көчүп, 1 турак жайга жана үстү жагындагы 2 турак жайга кооптуу абал алып келди.

Жарандык коргонуу комиссиясы кооптуу жерде жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу коопсуз жайга көчүрүү, күнү-түнү нөөмөт уюштуруу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле, ӨКМдин Мониторинг департаментинин адистери жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1665
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×