Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 17.03.2017 10:18

Майлуу-Сууда 1,7 млн метр куб жер көчкү жүрдү (фото)

Turmush -  Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарында болжол менен 1 метрге чейин 1 млн 750 миң метр куб жер көчкү жүрдү.

ӨКМ билдиргендей, 15-мартта саат 8:00 чамасында Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Чыгыш көчөсүндөгү колоттун баш жагынан жүргөн жер көчкү 8 турак үйгө  кооптуу абал жараткан.

Ошондой эле, Көпүрө башы тилкесиндеги Горький көчөсүндөгү № 34, 40, 45 турак үйлөрдү жер көчкү басып калуу коркунучу пайда болгон.

Кечээ, 16-мартта кооптуу аймактагы 6 үй-бүлөнү көчүрүү тапшырмасы жергиликтүү бийликке эскертилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×