Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Майлуу-Сууда жер көчкү түшкөн турак жайдын ээси үйүн бузуп, курулуш материалдарын алып кетти (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында турак жайга түшкөн жер көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-мартта саат 11:00 чамасында Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кара-Жыгач участогунун Кочкорбаев көчөсүндө болжол менен 15 миң метр суюк абалдагы жер көчкү эч ким жашабаган турак жайдын короосун басып калган. Ошондой эле, Көчөрбаев атындагы ички чарбалык жолго жалпы көлөмү 40 метр куб жер көчкү түшкөн. Эч ким жабыркаган эмес.

Аталган аймака шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМдин Мониторинг департаментинин адиси, ӨКМдин Майлуу-Суу шаары боюнча бөлүм башчысы барып, Майлу-Суу шаардык жашылдандыруу башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылган. 24-март күнү жер көчкү коркунучу пайда болгон участокторго шаардык жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Эч ким жашабаган үйдүн ээси үйүн бузуп, курулуш материалдарын алып чыгып кеткен.

Майлуу-Суу шаардык жашылдандыруу башкармалыгынан 1 жүктөгүч коктулардан келген сууларды өз нугуна салып, калыбына келтирүү иштерин аткарган. Жумуш бүгүн, 25-мартта да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1070
Көп окулду
×