Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 12.04.2017 09:21

Майлуу-Сууда жер көчкү жүрүп, 10 үй-бүлө көчүрүлдү

Turmush -  Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айыл аймагынын Көйгөй айылында кечээ, 11-апрелде саат 12:00 чамасында көзөмөлдө турган көлөмү 6 миң метр куб жер көчкү жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жер көчкү 10 турак үйгө 150 метр жетпей токтогон. Жер көчкүнү тазалоо иштерине Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ шаар башкармалыгынын өкүлдөрү, №30295 аскер бөлүгүнөн жоокерлер жана 1 унаа, шаардын Лампа заводунан 6 адам жана 1 унаа, шаардын мекемелеринен 10 адам тартылган.

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан түшүндүрүү иштеринин негизинде жана жоокерлердин жардамында 10 турак үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×