Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 28.04.2017 11:50

Майлуу-Суу дарыясына жер көчкү сүрүлдү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 28-апрелде саат 00:30 чамасында Майлуу-Суу шаарындагы Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш тилкесинде болжол менен 18 миң метр куб жер көчкү түштү. Адамдар жабыркаган жок, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

1993-1994-жылдары пайда болгон жер көчкү Майлуу-Суу дарыясынын жарымына чейин сүрүлгөн. Дарыянын нугун жер көчкү тосуп калуу коркунучу пайда болгонуна байланыштуу Түштүк Кара-Жыгач айылынан 36 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү каралууда.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен тактоо жана изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин шаардык бөлүмүнүн башчысы, адиси, биринчи вице-мэр жана жергиликтүү жетекчилер жеринде иштеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×