Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 01.05.2017 15:34

Маданият—Кыпчак-Талаа—Майлуу-Суу унаа жолунда эки көпүрөнүн курулушу башталды (фото)

Turmush -  Маданият—Кыпчак-Талаа—Майлуу-Суу унаа жолунда эки көпүрөнүн курулушу башталды. Бул тууралуу №22 жол тейлөө башкармалыгынын башчысы Рашид Курбанов билдирди.

Анын айтымында, аталган жолдун 13-14-чакырымына көпүрө курулуп, үч ай аралыгында пайдаланууга берилет.

«Азыркы тапта 14-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу калды. Эки көпүрөнүн тең узундугу 6 метр, туурасы 7 метр болот. Курулушка 6 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү. Тендерден «Элита аймак курулушу» ЖЧКсы утуп алган. Мындагы объектилердин сапаты көзөмөлгө алынып турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×