
Кейиштүү абалдагы көпүрөнүн азыркы абалы менен жеринде ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, биринчи орун басары Мамасалы Акматов, «Кыргызнефтегаз» ААКтын башкы директору Абдирашит Бостонов жана Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов таанышты.
Азыркы тапта Майлуу-Суу дарыясындагы суунун көлөмүнүн көбөйүүсү көпүрө аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсүнө олуттуу коркунуч туудуруп калды. ӨКМдин адистери көпүрөнү азыркы абалында колдонуу өтө кооптуу жана колдонууга болбойт деген бүтүмүн чыгарышкан.
Майлуу-Суу шаарындагы Көк-Таш шаардык аймактык башкармалыгына караган Нефтепром жана Заречная көчөлөрүндө азыркы мезгилде 200дөн ашуун кожолук эл жашап жатышат. Шаар тургундары облустук жана жергиликтүү бийлик башчыларынан көпүрөнү кайрадан сапаттуу куруу өтүнүчтөрү менен кайрылышты. Бул көпүрө СССР маалында курулган.
«Көпүрө колдонууга коркунучтуу болуп калгандыгын өз көзүбүз менен көрдүк. Эми бул маселени көпүрө куруу боюнча тиешелүү адистер толук изилдеп чыгышсын. Бул абалда көпүрөнү кайрадан оңдоо дегеле мүмкүн эмес. Менин оюмча аны толугу менен бузуп, ордуна кайрадан жаңы көпүрө куруу зарыл. Ошондуктан тармактын адистери өздөрүнүн бүтүмүн чыгарып беришсин, ошого жараша иш жасайлы», - деди А.Бостонов.
Учурда Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш аймактык шаардык башкармалыгында 5 миңден ашуун калк жашайт.