Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 07.06.2017 18:37 На русском

Майлуу-суулук айдоочу жолдоштору менен жүргүнчү аялды зордуктап, чачын кырып, бир жума камап коюшкан

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында бейтааныш аялды зордуктап, ур-токмокко алуу менен бир жума камап койгон 3 шектүү кармалды. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 7-июнда аймактык кабарчыга билдиргендей, окуя ушул жылдын 18-майында болгон.

«Жабырлануучу 41 жаштагы аял Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылындагы аялдамадан Кочкор-Ата шаарына чейин баруу үчүн жеңил унаага түшкөн. Жалал-Абад шаарына бара жаткан унаанын ичинде айдоочу менен бирге 35-40 чамасындагы 2 эркек киши болгон. Бирок, орто жолдон белгисиз себеп менен унаадагы кишилер жүргүнчү аялды сабап, кайра Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып келип, күч колдонуп зордукташкан. Алсыраган аялдын чачын дагы сакал алгыч менен кырып салышкан. 3 эркек жабырлануучу аялды 18-майдан 25-майга чейин сыртка чыгарбай, камап коюшкан.

Жабырланучу 25-майда качып чыгып, Майлуу-Суу ШИИБдин милиция кызматкерлерине кайрылды», - деп айтылат билдирүүдө.

Денесинен жаракат алган жабырлануучу шаардык биргелешкен оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты боюнча ыкчам тергөө жүргүзгөн Майлуу-Суу ШИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүүлөр — Майлуу-Суу шаарынын 43 жаштагы тургуну З.К., Көк-Таш айылынын 22 жаштагы тургуну Т.К. жана Бүргөндү айылынын 36 жаштагы тургуну К.А. кармалды.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесиндеги 2-бөлүмү, 125-берененин 2-бөлүмү менен козголгон иш учурда тергелип жатат. Шектүүлөр Майлуу-Суу шаарында убактылуу камакка алынып, 26-май күнү шаардык сот 2 айга камакта калтырды.

Жабырлануучу аялга соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×