Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 15.10.2017 12:05

Шайлоо-2017: Өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев добуш берүүгө жубайы менен келди (фото, видео)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев  президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн жубайы Аида Молошева менен келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өкмөттүн өкүлү Майлуу-Суу шаарындагы №2215 шайлоо участкасында добуш берди. Бул тилкеде ал 1992-жылдан бери каттоодо турат. Бул шайлоо участкасында жалпы 1007 жаран каттоого алынган.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарында жалпы 11170 шайлоочу жана 8 шайлоо участкасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×