Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 08.01.2018 12:47 На русском

Майлуу-Сууда жүргүнчү аялды зордуктап, чачын кыркып, бир жума кыйнаган 3 адамга сот өкүм чыгарды

Turmush -  Майлуу-Суу шаарына конокко барган аялды зордуктап, чачын кыркып, бир жума батирде кыйноого алган деп шектелип кармалган үч жаранга карата Жалал-Абад облустук соту өкүм чыгарды.

Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, облустук соттун 2017-жылдын 26-декабрындагы өкүмү менен соттолгон З.К., К.А., Т.К. аттуу жарандарга карата өкүм өзгөртүлдү. Тактап айтканда, жогорудагы атуулдардын ичинен З.К., К.А. аттуу жарандарга карата өкүм өзгөртүлдү. З.К. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (үч эпизод) менен, тактап айтканда алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зордуктоо боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бир үч эпизод үчүн 10 жылдан эркиндигинен ажыратылган. Соттолгон З.К. Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 1-бөлүмү (мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган. Соттолгон З.К.га белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп биротоло өтөө үчүн 15 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Соттолгон К.А. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен күнөөлүү деп табылып, ар бир эки эпизод үчүн 8 жылдан эркиндигинен ажыратылган. Ошондой эле, Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен же адамдардын тобу менен хулиганчылык жасоо боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жыл кошулган. Соттолгон К.А.га белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп биротоло өтөө үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган. Облустук соттун өкүмү жарыялангандан баштап мыйзамдуу күчүнө кирди.

Эскерте кетсек, мындан мурун Майлуу-Суу шаардык сотунун 2017-жылдын 25-сентябрындагы өкүмү менен соттолгон З.К. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылган жана ушул эле берене менен 10 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) менен күнөөлүү деп табылган жана ушул эле берене менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Адамдардын тобу тарабынан хулиганчылык) менен күнөөлүү деп табылган жана ушул эле берене менен 3 жылга эркиндигинен ажыратылган. Белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, З.К.га биротоло өтөө үчүн 13 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Соттолгон К.А. жана Т.К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылышкан жана ушул эле берене менен ар бири 8 жылга эркиндигинен ажыратылган жана жазаларын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген. К.А. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) жана 234-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Адамдардын тобу тарабынан хулиганчылык) менен кылмыштарды жасагандыгы далилденбегендиктен акталган. Т.К. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) менен кылмыш жасагандыгы далилденбегендиктен акталган.

Майлуу-Суу шаардык сотунун бул өкүмүнө прокуратурадан жана соттолуучулардан даттануулар түшүп, облустук сотто каралып, жогоруда көрсөтүлгөндөй Жалал-Абад облустук сотунун 2017-жылдын 26-декабрындагы өкүмү чыкты.

Буга чейин Майлуу-Суу шаарында бейтааныш аялды зордуктап, ур-токмокко алуу менен бир жума камап койгон 3 шектүү кармалгандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×