Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун спорт инструктору болуп Фархат Өскөнбаев дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Буга чейин бул кызматта Улан Доктурбек уулу иштеп келген. Ал «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору болуп дайындалган.
Кечээ, 20-сентябрда Нарын облустук дене тарбия, спорт жана жаштар иштери башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Чымылдаков жана облустун спорт инструктору Үсөн Айдаров жаңы дайындалган спорт инструкторун кызмат ордуна отургузушту.
Өмүр баянын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.