Turmush — Ош—Папан жолу жабылды, деп билдирет Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 20-апрель күнү эртең менен саат 08:00 чамасында Ош—Папан жолунун 25-чакырымында жааган жаандан улам жол жарылып, чөгүп кеткен.
Азыркы тапта аталган жол каттамы жабылды. Папан, Кожокелен, Лаглан айылдарынын жашоочулары Ноокат аркылуу каттап жатышат.
20-апрель күнү ДЭП-21 тейлеген Ак-Терек—Папан—Кожокелен унаа жолунун 11,8 чакырым аралыгы тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен жолдун 70 метр аралыгы чөгүп кеткен.
Натыйжада жол каттамы толугу менен үзгүлтүкө учураган. Калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн техникалар жерине жолго чыккан.